Бишкекте КСДПнын мүчөсү Роза Түрксевер суракка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка караганда, ал Свердлов РИИБде суракка алынган. Алдын-ала маалыматтар боюнча, буга чейин бул аялга карата алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул маалыматты Бишкек ШИИБ тастыктады. Мекеменин маалыматы боюнча, 2019-жылдын 27-августунда М.Б. аттуу жарандан арыз түшүп, ал Р.Түрксеверге чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында 2017-жылдын июль айында Роза Түрксевер ага ишенимге кирип, андан 18,5 миң доллар алып, кайра кайтарып берген эмес.
“Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексиндеги “Алдамчылык” беренеси боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөөнүн жүрүшүндө Роза Түрксеверге 1-июнда саат 09:00гө күбө катары сурак берүү үчүн келүү керектиги билдирилген. Бирок ал көрсөтүлгөн убакытта келген жок жана себебин айткан эмес. Мындан улам милиция кызматкерлери аны ГОМ-7ге алып келишкен. Ал суракка алынып, андан кийин үйүнө коё берилген”, – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ