Menu

Самидин кары Атабаев: “Дин кызматкери – адеп жагынан коомдун күзгүсү болууга тийиш!”

Бөлүшүү:

Мындай пикирин бүгүн, 5-ноябрда Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев ОшМУнун теолгия факультетинде өтүп жаткан имамдардын окуу курсунда билдирди. Аталган окуу курсунда 150гө жакын имамдарга облус казысы “Имамдын этикасы” сабагынан атайын мастер-класс өтүүдө. Самидин кары Атабаев өз лекциясында Имамдын адеп-ахлак принциптери, Куранда динди жеткирүүдөгү жана үгүттөдөгү принциптер, Сүннөттө динди жеткирүү жана үгүттөө принциптерине кеңири токтолуп, аят, хадистердин мисалында түшүндүрдү. Мындан сырткары ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: “Дин кызматкерлери жана имамдар адеп жагынан коомдун күзгүсү болууга тийиш экендигин эскертем! Ошондуктан ар бир мечит имамы жарандарды Алланын жолуна даанышмандык менен чакырууга милдеттүү. Даанышмандык – бул акыйкатты таануу жана ошого амал кылуу, сөздү жана амалды таамай жеткирүү. Бул нерселер Куранды, Ислам шариятын  жана ыймандын акыйкаттарын түшүнүү менен гана болот. Даанышмандык бул Алланын пенделерине берген бир сыпаты. Алла Таала Бакара Сүрөөсүнүн 269-аятында: “Ал даанышмандыкты кимге кааласа берет. Кимге даанышмандык берилсе, демек ага көп жакшылык берилиптир” – деп баяндаган. Даанышмандык – бул акыл менен илим жана акыйкатты жеткирүү. Акыйкатты жеткирүүдө жумшак тил, мээримдүүлүк, кечиримдүүлүк талап кылынат. Ошондой эле имам адеп-ахлак принциптеринде мечитке келген жамааттын өзгөчөлүктөрүнө жана ички туюмуна кылдат маани берип, алардын алдында өзүн ишенимдүү алып жүрүп, үлгүлүү жашоосун, бийик адеп-ахлагын, тазалыгын жана сый-урматын сиңире алыш керек.- деп билдирди.

Эскерте кетсек, аталган бир жумалык окуу курсу имамдардын потенциалын жогорулатуу максатында Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жана “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: