Menu

Депутаттар Жогорку Кеӊештин аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетовду кызматынан расмий узатышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-майда кызматынан өз каалоосу менен бошогон Жогорку Кеӊештин аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетовду кызматынан расмий узатуу аземи болду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар, Аппарат менен Иш башкармалыктын кызматкерлери катышты. Спикер Турсунбеков «легендарлуу парламенттин» депутаты катары да, андан кийин аппарат жетекчиси катары да алгылыктуу иш алпаруу менен, узак жылдардан бери кыргыз парламентинин калыптанышына, анын жаӊы шартта, жаӊы нукта өнүгүшүнө барандуу салым кошкону үчүн Радбек Ешмамбетовго ыраазычылык билдирди.

Ал эми Радбек Ешмамбетов менен бир топ жыл бирге иштешкен экс-спикер Асылбек Жээнбеков анын басып өткөн жолун жакындан жакшы билерин, айкөл адам, мыкты адис, тажырыйбалуу жетекчи катары сыйлай турганын баса белгиледи.

Радбек Ешмамбетов Жогорку Кеӊештин жетекчилерине, Аппарат менен Иш башкармалыгынын кызматкерлерине бир топ жылдардан бери чогуу иштешип, кыйын жана кысталыш учурларда иштиктүү жана ыкчам чечим кабыл алууда такай түшүнүү менен колдоо көрсөтүп, жакындан жардам берип келгени үчүн ыраазычылык билдирди. Ал мындан ары да кыргыз парламенти менен биргелишип иштешүүгө, өзүнүн кеп-кеӊешин берип, тажырыйбасын бөлүшүп турууга даяр экенин кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: