Menu

Садыр Жапаров өзүнүн сүрөтү түшүрүлгөн үгүт баннери боюнча үн катты

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу укук коргоо органдары жана БШК мүчөлөрүнө кайрылып, анын сүрөтү түшүрүлүп, “Таза коом. Карызы жок Кыргызстан” деп жазылган үгүт баннерин текшерип чыгууну суранат.

Анын айтымы боюнча, ал баннерди алардын штаб илген эмес жана аны провакация кылуу максатында каршылаштары атайын илип коюшу мүмкүн.

“Биздин штаб эч нерсе баштай элек. Балким провокация кылалы деп атайын биздин каршылаштар иле салгандар болушу мүмкүн. Балким жергиликтүү бийлик мурдакыдай эле жакшы көрүнөйүн деп илип коюшу да мүмкүн. Кандай болгон күндө да күнөөлүүлөр жазасын алыш керек. Менимче негизги оппонентимдин адамдары тараптан жасалып жаткан провакация деп ойлойм. Кудайга койдум. Башка сөзүм жок” – деп жазды Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: