Өзбекстан менен Казакстан өкмөттөрү эки өлкөнүн жарандарынын чек арадан өтүүсүн жөнөкөйлөтүү боюнча демилгени жүзөгө ашыруу тууралуу макулдашты.
Казакстандын элчиси Ерик Утембаев Ташкенттеги басма сөз жыйында учурда тараптар Алматы менен Термезди бириктирген эл аралык маанидеги М-39 трассасындагы өткөрүү бекеттерине өзгөчө көңүл буруп жаткандыктарын билдирди. Жол Казакстандын Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан, Кыргызстандын Чүй жана Өзбекстандын Ташкент жана башка облустарынын аймактары аркылуу өтөт.
«Казакстан менен Өзбекстандын мамлекеттик органдары М-39 трассасындагы «Сырдарья» жана «Целинный» өткөрүү бекеттери аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүү тартиптерин жөнөкөйлөтүүнүн үстүнөн иштеп жатышат. Ошондой эле тараптар «Ташкент-Казыгурт», «Гулистан-Атамекен» жана «Зангиата-Капланбек» өткөрмө бекеттеринин макамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө даярданышууда», – деп белгиледи элчи.
Буга чейин тараптар саякатчыларга Казакстан менен Өзбекстандагы белгилүү бир эс алуу жайларына дээрлик эч тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүн берген атайын «жашыл коридор» демилгеси даярдалып жатканын билдиришкен болчу.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ