Бүгүн, 6-октябрда 35 депутат “Достук” мейманканасында, алар премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызмат ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлигин талкуулап жатышат. Бул тууралуу жолугушуу бөлмөсүндө жүргөн жарандык активист билдирди.
Белгилей кетүүчү нерсе, залды кайтарган кароолчулар массалык маалымат каражаттарын ичине киргизишкен эмес.
“Алардын айрымдары буга чейин Жапаров премьер-министр болот деген документке кол коюшкан. Депутаттар келип-кетип жатышат”, – деди активист.
Белгилей кетсек, чечим кабыл алуу үчүн документке 61 депутат кол коюшу керек. Эл мейманкананын өзүнө жакын жерде чогулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ