Кечээ, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон париялар, эл Ала-Тоо аянтына мөөнөтсүз митингге чыгып, шайлоону жокко чыгарууну талап кылышты.
Ала-Тоо аянтында миңдеген эл чогулуп, кечинде ак үй тарапты көздөй барып, дарбазаны талкалап имараттын ичине кирүүгө аракет кылышкан. Күч кызматкерлери асманга ок атып, көздөн жаш агызуучу газдарды колдонуп, суу чачып калың элди аянттан сүрүп чыгарган.
Бирок, митингчилер баары бир көздөгөнүнө жетип, ак үйдүн ичине кирип, аны басып алышты. Алар ак үйдөгү бөлмөлөрдү кыдырып, 7-кабатка дагы, президенттин иш бөлмөсүнө чейин кирип барышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ