Menu

Маданият министрлиги тажик аялдары үчүн дресс-код иштеп чыкты

Бөлүшүү:

Кыска юбка, декольте жана ачык кийимдерге жол жок. Тажикстанда Маданият минстрлиги тарабынан “Кийим кийүү боюнча сунуштар” деген китеп жарык көрдү. Анда аялдарга европалык стилдеги кийимдерди кийүүгө тыюу салынбай тургандыгы, анткен менен жергиликтүү аялдар тизеден ылдый юбкаларды кийүүгө тийиш экени жазылган.

“Настоящее Время” кабарчылары жүргүзгөн сурамжылоого караганда, бул китепти Тажикстанда салкын кабыл алышты. Жарандар кийим кийүү боюнча кимдир бирөө көрсөтмө бере албайт, өлкөдө кыска юбкадан башка дагы маанилүү иштер бар деп эсептешет. Үч жүз нуска менен басылган китепти эч ким окуган эмес, аны кайдан табууну да билишпейт. Анын үстүнө он эки долларга эч ким деле сатып алчудай эмес.

“Кийим кийүү боюнча сунуштар” китеби 365 беттен турат. Анда негизинен 17 жаштан жогорку курактагы бардык аялдар үчүн майрам, кадресе күндөр, театр же конок, үлпөт, окуу жана жумуш үчүн кийиле турган кийимдер боюнча сунуштар берилген.

Бирок кара жоолук салынууга же хиджап кийүүгө, ийинди жана көкүрөктү ачкан кийимдерге, тор көйнөктөргө тыюу салынган.

Былтыр Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова мектеп окуучуларына кыска жана чытырайган юбка кийүүгө тыюу салууну сунуш кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: