Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Иш-чара Чуңкурчак тоо лыжа комплексинин базасында өттү.
Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков баардык конокторго жана эс алуучуларга жакшы маанай каалап, Кыргызстандын кооз жаратылышына кам көрүүгө жана сүйүүгө чакырды.
Сезондун ачылышынын алкагында туризм тармагын колдогон өнөктөштөрдүн баалуу белектери тапшырылды. Ошондой эле иш-чара жогорку деңгээлде өттү.
Белгилей кетсек, кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ