АКШ президенти Дональд Трамп Орусия өкмөтү оккупацияланган Крымды Украинага кайтарып берип, Орусиянын колдоосу менен жикчилдер дээрлик үч жылдан бери өкмөттүк күчтөргө каршы күрөш жүргүзүп жаткан аймактагы зомбулуктан баш тартышы керектигин ишара кылды. Бул тууралуу Акүйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер билдирди.
Анын айтымында, Трамп Москвага карата «катаал багытты» карманат. Ошол эле маалда президент Орусия менен болгон мамилелер жакшырат деп күтүүдө.
Өз билдирүүсүндө Спайсер 3-февралда АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли уюмдун Коопсуздук Кеңешиндеги алгачкы сөзүндө Орусияны кескин сынга алып, «Крым Украинанын бир бөлүгү экенин» жана ал Украинанын көзөмөлүнө толук өтмөйүнчө жарым аралга байланыштуу киргизилген санкциялар күчүндө каларын айтканын эске салды. АКШнын жаңы каржы министри Стивен Мнучин дагы Орусияга каршы киргизилген санкциялар күчүндө каларын билдирген.
Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган. Крымдын Орусиянын курамына кошулушунун мыйзамдуулугу эл аралык коомчулук тарабынан таанылган эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ