Чынын айтыш керек, кантсе да Мелис Турганбаев былжырап жүрө бергенди анча жактырбайт. ИИМде деле ошондой касиеттерин айгинелеген. Ал эми жазаларды аткаруу тармагына келер замат бир сыйра иш менен таанышуу жаатында кыдырып келди. Ал тургай айрым “кадырлуу” камактагылар менен баарлашып алардын дартын билүүгө жетишти. Анткени кандай болгон күндө да мындайда кыраакылык талап этилет эмеспи. Андан соң кадрдык өзгөртүүлөргө багыт алып, орчундуу кызматтарга жакшы пикирдеги аскер адамдарын жайгаштырды. Мындан кийинки кадамы да кадрларга карата жасаларын белгилеп өттү. Антпесе “эски карышкырлар” көнгөн адатына салып майкандай берет да. Кандай десек да келген жетекчи өзү билгендей тегерегин шыпырып тазалоого милдеттүү.
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ