Кыргызстандын президенти Алмаз Атамбаев бүгүн, 16-февралда Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча Башкы комиссары Федерико Могерини менен жолугушат. Ошондой эле Евробиримдик төрагасы Дональд Туск, Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкер менен жолугушары күтүлүүдө.
Президенттин кийинки сапары Германияда уланып канцлер Ангела Меркел менен жолугушат. Euronews телеканалына интервью берет. Мындан тышкары Кыргызстандын мамлекет башчысы Германияга сапарында “Ачык коом” институтунун негиздөөчүсү, белгилүү филантроп Жорж Сорос менен жолугат.
Алмаз Атамбаевдин аталган мамлекеттерге сапары 15-17-февралга мерчемделген. Бул аралыкта, Евробиримдик менен эки каржылык келишимге кол коёт. Биринчиси, 30 миллион евро өлчөмүндөгү укуктук бийлик программасы. Экинчиси, аймактарды өнүктүрүү боюнча 11 миллион еврого бааланган келишим.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ