Menu

Фото – Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөт

Бөлүшүү:

Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, ал жактан окуусун улантат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын Нарын облусуна жумуш сапары учурунда билдирилди.

Бул имаратты билим берүү багытына өзгөртүү үчүн тиешелүү акча каражаты каралды.  Учурда оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле жакынкы арада Кеңеш айылына жаңы мектепти куруу иштери башталат, анын долбоордук-сметалык документациясы даяр.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кеңеш айылындагы мектептин эки окуу корпусу бар, анын бирөө авариялык абалда, ал эми экинчисинде балдар билим алууда.

Вице-премьер-министр жумуш сапарынын алкагында Кочкор, Ак-Талаа жана Нарын райондорундагы авариялык абалдагы мектептерди көрдү.

Мындан тышкары Алтынай Өмүрбекова Кочкор районундагы Кара-Мойнок жана Дөң-Алыш айылдарындагы жаңы мектептердин ачылышына катышты.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтү авариялык абалдагы мектептер боюнча маселени жакынкы жылдары чечүү милдетин койгонун кошумчалады.

Маалымдама: Учурда жалпы Нарын облусу боюнча 18 объекттин курулуш иши жүрүүдө, анын ичинде Ат-Башы районунда 2 бала бакча, Ак-Талаа районунда – эки мектеп жана бир кошумча курулуш, Жумгал районунда үч мектеп жана 1 кошумча курулуш, Кочкор районунда – төрт мектеп, 2 кошумча корпус, 2 спорт зал, Нарын районунда спорт залдын курулушу жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: