Menu

Карасуулуктар деле контейнерде окуп жатыптыр

Бөлүшүү:

Ош облусунун, Кара-Суу районунун Миялы айылында мектеп салуу пландалып жатат. Бул тууралуу акимдин орун басары Мехринса Жороева билдирди. Азыр айылда мектеп жок болгондуктан балдар контейнерде билим алышууда деп кошумчалады акимдин орун басары. Миялы айылы Кыргызстандагы эң бай айыл өкмөттөрдүн бири болгон Сарай айыл өкмөтүнө карайт экен. Бул бир. Экинчиси Кыргызстандагы мен деген байлардын бири, атагы таш жарган Райым “миллион” да ушул Кара-Суудан эмеспи? Эң бай айыл өкмөтү менен эң бай адамы бар аймактын балдарынын контейнерде окуганына жол болсун. Мектеп курууга 6 миллиондой каражат каралып жатыптыр. Ошол алты миллион Райым Матраимовго акча деле эмес го. Миялы айылына көңүл буруп койсо болмок экен. Эртең эле шайлоо болоордо, добушуңарды берип койгула деп желбектеп чуркап барасыңар.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: