Бишкекте KORU арт-студиясынын имаратын өрттөөгө жана уурулукка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу кечээ, 17-августта журналисттерге Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына 17-августка караган түнү кылмышкерлер Чүй проспектисиндеги “Бир Эки” дүкөнүнүн эшигин талкалап, 15000 сомдук телефондун аксессуарларын уурдап кетишкендиги тууралуу билдирүү түшкөн.
Милиция кызматкерлери шектүү адамды кармашты. Ал 1991-жылы туулган Б.В. болуп чыкты. Аны милиция бөлүмүнө алып барышып, бул факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (“Уурдоо”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Мындан тышкары, кармалган адам Раззаков көчөсүндө жайгашкан “Навигатор Групп”имаратын атайылап өрттөгөн деп шектелүүдө. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ