Menu

Күнгө какталган эки дос саясатка билек түрүнүп даярданууда

Бөлүшүү:

Генерал “Каттани” деген атка конгон Өмүрбек Суваналиев менен экс-депутат Бегалы Наргозуев ысык жерлерде күнгө какталып, эс алып келишти. Эми саясатка катуу кирише турган болуп турушат. Эмитеден эле бул экөөсүн саясий күчтөр баарлашууга чакырышып, эгер кийинки жылы парламенттик шайлоо болуп калса биригип, бир күчкө айланып, бийликке каршы туруштук берчү күчкө айланалы деп, карамагына кошууга аракетин көрүп жатышканы айтылды. Эмитеден эле элге тайманбай бара алчу саясатчылар бир күчкө айланууга аракетин көрө баштаганына караганда, жаз алды менен саясатта кыл чайнашкан катуу таймаш жүрчү болуп калган окшойт. “Каттани” эч кимден коркпогон жан эмеспи. Сактыгы жагынан да эч кимге ат салдырбайт. Наргозуев болсо маалымат жагын камсыз кылганга, сүйлөшүүлөрдү катыра жүргүзгөнгө маш болуп калган. Эки доско кызыгып жаткандар, акчасына карабай ушул жагына басым жасап жаткан болсо керек. “Каттани” болсо  бийликке келип калсам көптөрдүн көзүнөн жашын мөлтүлдөтөт элем деп араң эле жүрөт. Оппозицияда калган партиялар да камчы колго тийсе кутургандарды заматта ордуна коёт элек деп шымаланып эле турат. Алар да эмитеден акыл калчап жаткан соң, бийликке жетиштин планын мыктылап аткан чыгаар.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: