Menu

Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын делегация башчылары менен жолугушту

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-декабрда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) делегация башчыларынын – 7-чи пленардык отурумдун катышуучулары менен жолугушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков делегация башчыларына отурумдун ишине катышып жатышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.

Мамлекет башчысы  Кыргызстан өз ара пайдалуу кызматташуунун негизинде  түрк тилдүү мамлекеттер менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө абдан маани берээрин белгиледи. “ТүркПА  салыштырмалуу кыска мезгилдин аралыгында   мамлекеттерибиздин  парламенттери үчүн диалог  жүргүзүүнүн   маанилүү  аянтчасы болуп калды. Уюмдун мүмкүнчүлүгү чоң жана ага карата эл аралык кызыгуу өсүп жатат”, -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ошону менен бирге отурумга  ардактуу мейман катары Өзбекстан делегациясынын жана ТүркПАда байкоочу- өлкө болуп саналган Венгрия делегациясынын катышып жаткандыгына канааттануусун билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков   заманбап технологияларды колдонуунун аркасында  2015-жылы парламенттик шайлоону, 2017-жылдын октябрь айында Президентти  шайлоолорду  таза жана ачык өткөрүүгө жетишкендигин  баса белгиледи. Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоолорго мониторинг жүргүзүүгө уюмдун байкоочуларынын миссиясы катышкандыгы үчүн  ТүркПАга ыраазычылык билдирди.

ТүркПАнын делегация башчылары Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын  Президенти кызматына шайланышы менен куттуктап, Мамлекет башчысына  жана жалпы Кыргызстанга ийгиликтерди каалашты. Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер жана ТүркПАнын алкагындагы кызматташуу  ыкчам өнүгөөрүнө ишенимин билдиришти.

2018-жылы – ТүркПАнын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдык мааракесинин жылы Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтөөрүн эске салабыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: