Menu

УКМК: С.Кенжебаевге карата козголгон кылмыш иши ИИМге өткөрүлдү

Бөлүшүү:

23-декабрь күнү С.Кенжебаевге карата алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш иши Ички иштер органдарына жиберүү маселесин кароо максатында КР Башкы прокуратурасына өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек үстүбүздөгү 14-декабрда КР УКМК Кытайдын жараны М.М. Кенжебаев Сыргак алдамчылык жолу менен арыздануучудан жалпы суммасы 350 000 АКШ долларын алганын айтып кайрылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө ал кытай инвесторунан кошумча 250 000 АКШ долларын талап кылгандыгы тууралуу талашсыз далилдер көрсөтүлгөн.

20-декабрь күнү С.К. КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Ал эми 21-декабрь күнү С.Кенжебаевге аталган кылмыш жасагандыгы тууралуу билдирме берилип, ошол күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан ага карата Бишкек шаарынын 1-Тергөө камак жайына кармоо бөгөт коюу чарасы каралды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: