Жогорку Кеңештин оппозициялык “Республика -Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогуловго кайрылып, издөөдө жүргөн мурдагы министр Нурлан Сулайманов шайлоого карата талапкерлердин бирин колдоп Чоң-Алайда жүргөнүн айтты. Бул туурасында: “Нурлан Сулаймановду Башкы прокуратура ошол Чоң-Алайда жүргөнүн билбесе, элдин баары көрүп жатпайбы. Нурлан Сулайманов жүрбөйбү Чоң-Алайда. Издөөдө жүргөн адам кымыз, сүт ичип, шайлоого жүгүрүп жүрөт” – деп айтты. Фракция лидери калп айтып жатпаса керек. Демек конкреттүү факты бар. Укук коргоо органдары кармап, камаш керек. Болбосо, НИМ менен УКМК, Башкы прокурорго чара көрүлүүгө тийиш.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ