Menu

Акылбек Жамангулов, «РАЖ» депутаты:«Эмне учун чиновниктердин уурдаган акчасын карапайым эл тариф менен төлөшу керек?»

Бөлүшүү:

-Акылбек мырза, 600 долларлык ат-тиштин жайын сурайлы да. Чын эле алар базарда 250 сом турат бекен?

– Карапайым элди келишимге ким кол койгон, ратификация кандай өткөн – бул нерсе кызыктырбайт. Аларды кычкач, кондиционерлер, видеокамералар, лифтер кандай баада алынганы кызыктырат. Депутаттык комиссиянын алкагында бул маселелердин көбүн мен алып чыккам. Бирок, айрым мурдагы чиновниктер, менин айрым коллегаларым депутаттык комиссиянын ишине, анын ичинде мага шек келтириш үчүн шоу уюштурушту. Аида да ТЭЦтин мурунку жетекчиси чыгып, «башында бир эле аттиш болчу» дегенде өздөрү уят болуп калышкан. Ошентсе даты парламентке, жалпы эле элге маалы-мат берүү иретинде мен базарга барып, жанагы Жогорку Кеңеште көрсөтүлгөн-дөгүгө опокшош комплекттерди алып келип, көрсөтүп бердим. Ал аттиштин баасы 250 сомдун (!) тегерегинде экен. Ал эми аттиш топтомун, патенттерин, сатып алуу актыларын кошкондо 2,5 миц сом болду. Мен бүгүн эле ТЭЦтин мурунку жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу менен сүйлөпггүм. Алар ушуга байланыштуу ТЭЦке барышыптыр. Ошол жерде кампа башчьшар: «Туура, келгенде бир эле аттиш келген. Анан ызы-чуу башталганда комплекттерди алып келип кошушкан» деп тастыктап беришиптир. Жалгыз эле депутаттарды эмес, жалпы кыргыз элин башка нукка буруу маселеси болуп жатат. Элди алдоого барып жатышат. Ошон үчүн укук коргоо органдары чара көрүпгү керек деп эсептейм.

– Депутат Алтынбек Сулайманов тигилер эртең танып кетишпеси үчүн алар алып келген аспаптарды дал ил зат катары укук коргоо органдарына өткөрүп берүүнү сунуш кылды…

– Мен ал сунушту толугу менен колдойм. Биз жалгыз эле Бишкек ТЭЦин эмес, «Датка-Кемин» электр линиясын-дагы, Токтогул ГЭСин реконструкция-лоодогу, түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушундагы акча каражаттарынын сарпталышын да текшерип чыгышыбыз керек. Дагы коп фактылар чыгы-шы мүмкүн. Себеби, эртец бул карызды сиз, мен, биздин бала-бакыраларыбыз төлөйт. Кайсы акчадан төлөйт? Карапайым элди ушул нерсе кооптондуруп жатат. Кытай мамлекети так айтты, «биз баардик нерсени келишимдин негизинде кылабыз» деп. Алар эртец «карызды кайтарып бергиле» дешсе, эмнебизди беребиз?

– Көнгөн адаттары боюнча «тарифтерди көтөрүш керек» деп чыгышат да.

– Ооба, кайсы энергетиктен сурасаңыз да «тарифтерди көтөрбөсөк беш жылдан ки-йин, он жылдан кийин энергетика өлөт» деп айгай салышат. Бирок, эмне үчүн көмүрдү, мазутгу алып жатканда ойлонушпайт?

Алар коррупциялык схемалар менен алы-нып жатканын биз баарыбыз билебиз да. Эмне үчүн техникалык жоготууларга жол берилип жатат? Эмне үчүн аны карашпайт? Жыл сайын биз энергосистемага бюджеттен 8-10 миллиард сом дотация берип жатабыз. Ошол эле учурда «тарифтерди көтөрүш керек» дешет. Эмне үчүн чиновниктердин уурдаган акчасын карапайым эл тариф менен төлөшү керек? Энергосистемасындагы 15-20 миң маяна алган кишилердин жашаган үйлөрүн карагылачы! Эки-үч кабат үйлөрдө жашашат, балдары, кыздары «Джиптерде» жүрүшөт. Кайсы акчага? Ошон үчүн биз укук коргоо органда’рына «иликгеп чыккыла» деп тапшырма бердик. Эң негизгиси, коомчулук социалдык тармактар, ЖМКлар аркылуу көзөмөл жүргүзүшү керек. Коомчулукта азыр чоң күч бар.

Аттокур Жумаев

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: