16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында экс-премьер-министр Сапар Исаковго саясый өлүк тууралуу айткан сөзү үчүн кечирим суроо сунушталды. Депутат Жыргалбек Турускулов Сапар Исаковду этйят сүйлөөгө чакырып, «биз сиздин маегиңизди окудук. Сиз «парламентте 120 саясый өлүк отурат» деп айттыңыз. Азыр деле ошондой ойдосузбу?» деп сурады. Өз кезегинде Сапар Исаков 120 өлүк тууралуу айтпаганын билдирип: «Мен «120 депутат саясый өлүк» деп айткан эмесмин. Мен «парламент» деп айткам. Экинчиден, силер анда оппозицияда болчусуңар жана бул сөздүн силерге тиешеси жок болчу» деп жооп берди.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ