Menu

Түркмөнстанда 19 жылдан кийин биринчи жолу опера коюлду

Бөлүшүү:

Түркмөнстанга 19 жылдык тыюудан кийин опера кайтып келди. 19-ноябрда Ашхабад мамлекеттик театрында италиялык композитор Ружеро Леонкаваллонун «Паяцы» спектакли коюлду.

Балет сыяктуу эле операга да Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун тушунда тыюу салынган. Ал искусствонун бул түрлөрүн «түркмөн менталитетине шайкеш келбейт» деп эсептеген.

Оюн Италия менен Түркмөнстандын маданий тажырыйба алмашуу программасынын алкагында коюлуп, аншлаг менен өттү. Сүйүү менен чыккынчылыкты баяндаган операнын негизги партиясын италиялык тенор аткарды. Башкы ролдорго түркмөн ырчылары, анын ичинде баритон Амангелди Аманов да тартылды.

Түркмөнстандын биринчи президенти Сапурмурат Ниязов улуттук опера менен балетке 2001-жылы тыюу салган. Анын мураскору Гурбангулы Бердымухамедов бул чектөөнү колдогон.

Укук коргоочулар Түркмөнстанды дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн катарына киргизишкен. Өкмөт калкынын жашоосун катуу көзөмөлгө алат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: