Menu

Президент Жээнбеков Москвада өтө турган Жеңиш күнүнө арналган парадга катышат

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган парадга катышаары күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Буга чейин Орусиянын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары 24-июнга белгиленген парадга Жээнбеков келерин жазып чыгышкан.

26-майда Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган парад 24-июнда өтөрүн билдирген.

Быйыл орус бийлиги Жеңиш күнүн ири иш-чаралар менен белгилегени жаткан. Москвадагы парадга 15 миңдей адам, 400дөй техника каражаты чыгарылмак жана Франциянын, Индиянын, Кубанын, Венесуэланын, Чехиянын лидерлери парад көргөнү келерин айтып, убада беришкен. Бирок коронавирус пандемиясынын айынан 9-майда парад өтпөй калган.

Илдеттин айынан Кыргызстанда да массалык иш-чаралар уюштурулган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: