Menu

Жалда бир тууган зөөкүрлөр тепкилеген балдардын бири эс тутумун жоготуп, ооруканадан чыгарылды

Бөлүшүү:

Учурда абакта отурган бир тууган ага-ини Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков тепкилеген Уланбек Белековдун бетине 23-сентябрда операция жасалган. 31 жаштагы Асылбек Молдажиев эс тутумун жоготуп койгону бүгүн маалым болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай билдирүүдөн кийин биз жабырлануучу Асылбек Молдажиевдин бир тууган агасы Бектемир мырзага кайрылып, инисинин акыбалын, мындан аркы кадамдарын сурап телефон чалсак, буларды айтты: “Асылбектин ооруканадан үйгө чыкканына бир жума болду. Эс тутумун жоготуп койду. Врачтар башында эле “жакшы болуп кетет деп кепилдик бере албайбыз, колдон келишинче дарылайбыз”, – деген. “Жакшы болот”, – десек, кийин силер ушинтип айткансыңар деп деп бизди күнөөлөйсүңөр?, – деген. Эми Воронцовкага алып баралы деп жатабыз. Азыр мен айылда элем, апабыз да өтүп кетти. Апам ооруп жүргөн эле, инибиздин ушундай акыбалы дагы оорусуна кошул-ташыл болуп кетти окшойт. 25-сентябрда каза болуп калды. Азыр мен айылдамын, шаарга баргандан кийин Воронцовкага инимди алып барабыз го. Колдон келишинче чуркайбыз. 31 жаштагы инимдин 4 жаштагы баласы бар. Колдон келишинче чуркайбыз, жакшы болуп кетет деген үмүттөбүз», – деди.

Эскерте кетсек, 28-августта Ж.Бапышов менен К.Сейитбеков Бишкек шаарындагы “Жал” кичирайонунда, Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки жигитти аеосуз сабап, кийиздей тепкилегени аз келгенсип, аларга келген Тез жардамга да жолтоо болгон видео сентябрда социалдык тармакка тарап, коомчулуктун каргышына калган. Үрөйдү учурган окуя болгон жерге эки мыкаачынын милиция агасы Казыбек Бапышов жетип барып, аларды алып кеткен. Эки зөөкүргө издөө жарыяланган. Коомчулуктун катуу сынынан кийин, ИИМ министри К.Жунушалиев бул окуяны өз көзөмөлүнө алган. Ошондон кийин гана иш жылып, 4-сентябрда милициянын майору К.Бапышов (шектүүлөрдүн бир тууган агасы) кызматынан бошотулуп, бир нече кызматкер жазага тартылган. 6-сентябрда, таң эрте Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милицияга өздөрү келип, колго түшүп берген. Эртеси, 7-сентябрда алардын бөгөт чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, эки айга камакка алынып, СИЗО-1ге киргизилген. 10-сентябрда алардын милиция агасы Казыбек Бапышов да кармалып, УКМКнын тергөө бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иши жүрүүдө.

 Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: