Эки-үч күн мурун парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге журналист Сабыр Муканбетов келип “тигил саясатчылардын башын кошуп, бириктирип жатам, бул саясатчыларды табыштырып, бириктирип жатам, баарын бир муштумга түйүп жатам” таризинде бакылдап калыптыр. Анда Өмүрбек Текебаев “угуп атабыз, Чүйлүктөрдү бириктирген экенсин, алар өз ара мушташып, Туйгуналыны Атбашылык кылып бөлүшүптүр, Канат Исаевди Кочкорго айдашыптыр, Темир Сариевди дегеле теги жок кылып салышыптыр. Сен ушинтип дагы эки ай саясатчыларды бириктирсең Кыргызстанда саясатчылардын баарын бөлүп-жарып, табыштырбай эле чабыштырып чыгасың” деп күлүптүр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ