«Бир Бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова бийлик Башмыйзамды өзгөртсө, эл өкүлү болуудан баш тартарын тээ ала жайда билдиргени бар. Акүй референдум боюнча максатына жетери менен Чолпон айым жакынкы күндөрү айткан сөзүнө туруп, депутаттык мандатын тапшырарын жар салды. Бүгүнкү депутаттардан билимдүүлүгү, мыйзамдын түшүн жоруган жагынан алдына киши салбаган, а эң башкысы, чынчылдыгы менен айырмаланган Чолпон айым мандатын тапшырса, парламенттин куту учат го? Жакупованын ордуна Мамасадык Бакиров сындуу кезегин күткөн татыктуу эрендер келсе го бир жөн, бирок, министрликтен баш тарткан Макебиз эл өкүлдүгүнөн да баш тартпаса болду.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ