Menu

Түркмөнстанда 2 млрд долларга курулган эл аралык порт ачылат

Бөлүшүү:

Түркмөн бийлиги Түркмөнбашы шаарында курулган эл аралык жаңы портту 2-майда ачууну пландап жатат.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов 13-апрелдеги өкмөт жыйынында аймактык жана континенталдык транспорттук каттамдардын кесилишинде жайгашкан Түркмөнстан бул тармактагы потенциалын натыйжалуу пайдаланууга аракет кыла турганын билдирди.

Мурдагы Красноводск, азыркы Түркмөнбашы шаарында буга чейин «Азия дарбазасы» деп аталган деңиз порту болгон.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, 1991-жылга чейин ал деңиз портуна Дагестандан, Махачкаладан, Астрахандан, Бакудан жүргүнчү ташыган кемелер каттап, деңиз аркылуу 33-35 темир жол вагону жүктөлүп келип турчу. Учурда Түркмөнбашыдагы эски портко Баку менен Астрахандан эки гана жүргүнчү кемеси токтойт.

Жергиликтүү серепчилер мындай ири суммага курулган жаңы порттун ким тарабынан жана кандай максаттарда пайдаланылып, өзүн кантип актай тургандыгы белгисиз экенин белгилешүүдө.

Түркмөнбашыдагы порттун курулушу 2013-жылы мартта башталган. Түркиялык ишкер Ахмет Чалыкка таандык «ГАП Иншаат» компаниясы тарабынан курулуп жаткан портко мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард доллар жумшалды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: