Menu

Кутушевдин дымы чыкпайт го?

Бөлүшүү:

Тоолуу жердин кулуну катары таанылган бир мырза бар эле, кийинки кезде негедир дайны чыкпай кетти. Чамасы ЖКнын аппарат башчылыгын эптей албаганына кичирейип калды окшойт. Майдараак адамдын арышы да ошондой болорун парламенттеги кызматкерлер кыйытып калышат. Кезеги мандат алууга келгенинде да тизмеден өзүн чийдирип салганын уккан жайыбыз бар.

Ошол Абдыманап Кутушевден деги кабар барбы деп калышчу болду кээ бирөөлөр. Чөптөн жапыз болуп жүргөндү каалаган бул кишинин азыр эмне менен алек болгонун билгендер болсо кабар берип койгула. Даңазалуу социал демократтар партиясынын пайдасын көп көргөн экс-депутаттын негизи ойлогон пландары болбой койбостур? Жүрөктү өйүгөн көйгөйлөрүңүз бар болсо түз эле биздин астананы аттап, ак дилиңизден ой бөлүшүүгө шарт бар. Кантсе да ак үйдүн ичиндеги оомал-төкмөл турмушту көрүп калбадыңыз беле? Кызыктуу эле маектешүү болоруна деле күмөн санабайбыз?

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: