Menu

Министрлик: Хижамага уруксат берилген эмес, анын оор кесепети кийин билинет

Бөлүшүү:

Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктарды хижама ыкмасын колдонуудан оолак болууга чакырды.

16-июлда министрликтин өкүлү Айнура Акматова онлайн брифингде социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видео боюнча маалымат берип, “медицина кызматкерлери да мындай ыкманы колдойт” деген маалымат чындыкка дал келбесин айтты:

“Хижама медицина ыкмасы катары лицензияланган эмес. Пневмониядан болобу, коронавирустан болобу, дарылоо үчүн тастыкталган ыкмалардын катарына эч кирбейт. Клиникалык протоколдордо да бекитилген эмес. “Хижама абдан эффективдүү дарылоо ыкмасы” деген ойдон алыс болуп, ошентип айткан адамдарга барбаңыздар деп суранабыз! Андай ыкма менен кан аркылуу коронавирус, пневмония гана эмес, вирустук гепатит жана СПИД оорулары да жугушу мүмкүн. Алар “Беш-жети күндө дененин ысышы токтойт” деп жатышат. Бирок адамдын организминде ансыз деле 5-8 күндө өзүнүн иммунитети күрөшүп, температурасы түшүп баштайт”.

Ошону менен катар Акматова хижама жасаткандарга кан аркылуу жуккан илдеттер бир-эки күн эмес, эки-үч айдан кийин билине башташы мүмкүн экенин кошумчалады.

Соңку бир нече күндөн бери интернетте коронавирустан өпкөсү кагынгандарга “кан чыгарып, хижама жасатуу даба экени” тууралуу видео тарап жатат.

Март айынан бери Кыргызстанда ооруканаларда пневмониядан 612, коронавирустан 167 адам каза болду. Оору жуккандардын 7,5 миңдейи айыгып чыкты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: