КР Мамкаттонун Кадастр жана кыймылсыз мүлк укуктарын каттоо департаментинин Араван району боюнча башкармалыгынын башчысы А. Раимбердиевге карата 2018-жылдын 16-апрель күнү Улуттук Коопсуздук Кызматынын Ош облустук башкармалыгы тарабынан катталган иш боюнча Ош облустук прокуратурасы иш козгогон. 2017-жылы октябрь айында аталган башкармалыктын кызматкерлери түздөн-түз башчысы А.Раимбердиевдин көрсөтмөсү менен Араван районун Төбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагынан 3,5 га жер тилкесин алууга мыйзамсыз түрдө өзүнө кызматтык абалынан кыянаттык пайдалануу менен чечим чыгартып алган. Ошонун негизинде прокуратура КР КЖК 304-беренесинин 2- бөл., 315-берен. 2 бөл., 305-2 беренелери менен кылмыш иши козгогон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ