Menu

Улуттук коопсуздук комитети Көчмөндөр оюнунун алкагында курулган ат майданды салууда эбегейсиз чоң суммадагы уурдап-тоноолорду аныктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын МУКК Коррупцияга каршы кызматы (ККК) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен биргеликте Ыссык-Көл облусунун Бостери аймагына караштуу Бактуу-Долоноту айылында өткөрүлгөн экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн ат майданды курууда каражаттарды пайдалануунун максаттуулугу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча, объектини куруудагы подрядчикти тандоодо Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар» жана «Шаар куруу жана архитектура» боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдери бузулган. Тактап айтканда подрядчик менен келишим долбоорлоо-сметалык документациясы жана мамлекеттик экспертизасы жок түзүлгөн. Жыйынтыгында курулушка кетүүчү чыгымдар башында белгиленген 480 миллион сомдон 1 млрд. 584 млн. сомго чейин көтөрүлүп кеткен. Ошондой эле курулуш иштеринин көлөмүн 10 млн. сомдон ашык өлчөмдө жасалма түрдө жогорулаткан фактысы аныкталды. Ошол эле мезгилде 144 млн. сом каражаттын финансылык отчеттуулугу боюнча документациялары жок болуп чыкты.

Республикалык сертификация борборунун сыноо лабораториясынын экспертизасына ылайык 31 млн. 398 миң сом коротулган жолго төшөлгөн асфальт нормативдик талаптарга жооп бербейт жана эксплуатациялык мөөнөттөрдүн аягына чейин чыдай албайт.

Мындан сырткары 8 млн. 244 миң сомго жасалган темирден жасалган ферма долбоорго ылайык салынган эмес жана аны курууда курулуш эрежелерин бузуулар аныкталды.

Обьектидеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда КР Өзгөчө кырдаалдар миинистрлигинин эсебинен өткөзүлө турган иштер үчүн 9 млн. 737 миң сом өлчөмүндө каражаттар мыйзамсыз колдонулган фактысы такталды.

Учурда тиешелүү теккшерүү иш чаралары улантылып жатат жана аудит иштеринин жыйынтыгы менен материалдарга юридикалык баа берилет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: