— Атамбаев 8-июндагы митингде өзү башкарып турган учурдагы бир топ кылмыштуу иштерди “мен билбей калыптырмын” деп башка адамдарга шылтады. Атамбаевдин мындай аракети суу кечеби?
— Экс-президент Алмазбек Атамбаев билбей калгандай түр көрсөтүү менен жоопкерчиликти өзүнөн алып, башка бирөөгө оодара салууга далалат кылып жатат. Ал баарын билет. Билбей калышы мүмкүн эмес. Ал «билбей калыптырмын» деп жөн эле жанын жеп жатат. Бул анын агониясы. Айласы кетип жаткандагы айтканы. Мунун азыр камала турган бир эле жолу калды. Ошондон качуунун эле амалы. Ошон үчүн ал өзүн ушундай жол менен көрсөтүп жатат. Анткени бардык иштин баары эле ага барып такалып жатпайбы.
— Атамбаевге жакында кылмыш иши козголот деген кептер айтылууда. Ал киши кайсы кылмыш ишинин негизинде камакка алынышы мүмкүн?
— Батукаев, Бишкек ЖЭБи, Көчмөндөр оюндарынан уурдалган каражат сыяктуу иштердин баары ага барып такалып жатпайбы. Ошонун баарынын башында өзү турган. Анан «Кубанычбек Кулматов Сапар Исаков экөө таза иштеген, аларды тигиге байланыштуу камашты» дегени болбогон сөз. Аны ал «саясий куугунтук» дейт экен. Куугунтуктун башында өзү турбады беле?
Булак: “Кабар Инфо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ