Menu

МУКК: Тендер өткөрүүнү бузуу фактысы ачыкталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын МУКК тарабынан Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгында (ККБ) “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен контракт түзүү жана мамлекеттик сатып алуу жүргүзүү фактысы аныкталды.

2017-жылдын 29-сентябрында Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы (ККБ) Ноокат районундук мектептердин биринде спорт зал жана от казан куруу ишин сатып алууга 16 млн. 990 миң 214 сомго электрондук конкурс жарыялагандыгы ачыкталды.

2017-жылдын 14-ноябрында аталган департаменттин тендер комиссиясы 6 талапкердин ичинен “Икар-А” жоопкерчилиги чектелген коомун жеңүүчү деп тапкан. Бул ишкана 14 млн. 363 миң 528 сом өлчөмүндө башкаларга караганда эң көп сумманы сунуштаган.

Бул факт боюнча Улуттук коопсуздук органдары топтогон материалдардын негизинде Ош облустук прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-статьясынын 3-бөлүгүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-статьясынын 2-бөлүгүндө (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: