Menu

Чет өлкөлүк укук коргоочулар казак “саясий туткундары” менен жолугушту

Бөлүшүү:

Алматыдагы тергөө изоляторунда 16-апрель күнү чет өлкөлүк укук коргоочулар казакстандык “саясий туткундар” менен жолугушту.

Польша парламентинин депутаты Марчин Свенчицкий менен Италиянын адам укуктары боюнча федерациясынын президенти Антонио Станго абакта жаткан бизнесмен Искендер Еримбетов, жарандык активисттер Алмат Жумагулов жана Кенжебек Абишевди көрүп чыгышты.

Кезедешүүгө катышкан укук коргоочулардын катарында Польша менен Италия гана эмес, казак бийлигинин, анын ичинде Башкы прокуратура, ИИМ, Коррупцияга каршы күрөшүү бюросунун өкүлдөрү да болду.

БТА банктан уурдалган каражаттарды адалдоого аракет жасаган деп айыпталган Искендер Еримбетов жолугушуу учурунда кыйноолорго кабылганын айтты. Ал буга чейин өз өмүрүнө коркунуч жаралат деп кооптонгондуктан, тергөө ишин жүргүзгөн прокурорго жана чет өлкөлүк психологдорго абактагы уруп-согуулар тууралуу үн катпаганын, эми унчукпай коюудан чарчаганын билдирди.

Марчин Свенчицкий менен Антонио Станго Казакстанга 14-апрелде жергиликтүү укук коргоо уюмдарынын чакыруусу менен келишкен. Эки күн аралыгында алар казак “саясий туткундарынын” туугандары, жактоочулары, анын ичинде жарандык активист Ардак Ашимдин кызы Айнур Ашим менен жолугушту.

Свенчицкий менен Станго “Казатопромдун” мурдагы жетекчиси, коорупция боюнча күнөөлөнүп 14 жылга кесилген Мухтар Жакишевди дагы көрүп чыгышмак. Бирок ал катаал режимдеги түрмөдө отургандыктан казак бийлиги жолугушууга уруксат берген эмес. Укук коргоочулар эртең Алматыда маалымат жыйынын өткөрүшөт. Андан соң ички иштер министринин орун басары менен жолугушат.

Чет өлкөлүк укук коргоочулар жыйнаган маалыматтарын Казакстандагы укук коргоо процессин эл аралык стандарттарга жакындатууга аракет жасоо үчүн колдонушарын билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: