Menu

Табылды Акеров, саясат талдоочу: “Бизнесмендерди баса калып камоо туура эмес, коммунист И.Сталин да СССРдин граждандарынын байышына кызыкдар болгон”

Бөлүшүү:

Чынын айтсак, 2019-жыл жаңы жана эски бийликтин ортосундагы тиреш, Атамбаевдин утулушу, анын камакка алынышы менен аяктады. Бирок, бул таймашта жаңы бийлик үчүн утуп чыгуу оңойго турган жок. Мына ушул процесстерди туура чагылдырып, так жооп алуу үчүн саясий талдоочу, тарых илимдеринин кандидаты Т. Акеровдуу маекке тарттык.

— Табылды мырза, айтсаңыз, 2019-жылы саясатта өтө көп маанилүү окуялар болду. Бирок, булардын баарын бир нукка салып, анализ жүргүзүп, сереп салып көрсөк. Өтүп бараткан жыл эмнеси менен Кыргызстан жана анын эли үчүн маанилүү болду. Эмнеси менен айрымалуу болду?

– 2019 жылкы саясий окуялар буга чейин жоопсуз калып келаткан көптөгөн суроолорго жооп табууга, чиелешкен түйүндөрдүн чечилишине жардам берди десек болот. Биринчиден, бул жылы болуп өткөн окуялар Атамбаевдин ал өзүн-өзү Кыргызстандын бирден бир сактап калуучу катары сыпаттаган образынын ойрон болушуна алып келди. Тергөөнүн негизинде Атамбаев өзүнүн байлыгын жана мүлктөрүн жашырып, 26 жаштагы уйгур жигити Субихи Пархатиге каттатып койгондугу анык болду. С. Пархати бул байлыктарды атасы айтканынан эле макул болуп кол коюп берип койгонун, анын жеке өзүнүн жана атасынын мынча байлыктары жок экендигин билдирди. Атамбаев атам экөөбүздү уят кылды деп айтты ал тергөөдө.

Атамбаев С. Пархатиге өзүнүн «Форум» ишканасынын имаратын, өзү курган мечиттин жер участогун, Ысык-Көлдүн жээгинде курулушу бүтө элек эс алуу жайынын участогун жана кен иштетүүчү «Хуасин» компаниясынын 50% акциясын жаздырып койгондугу белгилүү болду. КТРК иликтеп чыккан материалга таянсак, Атамбаев президенттик мөөнөт мезгилинде Кыргызстандын мыйзамдарын одоно бузуп, С. Пархатиге байлыктарын, ээлик кылган компаниялардын акцияларын жаздырып алып, коммерция жана бизнес менен шугулдангандыгы билинип жатат. КТРК 2015-жылы Чаткалдагы сурьма кени боюнча жүргөн аукционго Субихи Пархатинин «Хуасини» менен Германияда катталган Хабибулла Абдыкадыр, Кудрат Нарматжана Касым Курбановдун АКА minerals and Maining компаниясы чогуу катышып, бир саясат жүргүзүшүп, Хуасинди жеңишке жеткиришкендиги аныкталды. Эгерде С. Пархатинин «Хуасини» Атамбаевдики болсо, анда муну менен КТРК Атамбаев менен айтылуу уйгур бизнесмени Хабибулла Абдыкадыр, Кудрат Нармат жана Касым Курбановдун компаньондор экенин ачыктап жатат.

Демек, мунун өзү айтып тургандай Атамбаев чоң саясатка кайтып келүү ниеттери жана аракеттери Кыргызстанды сактап калууга арналбастан, тескерисинче жеке өзүнүн президенттик мөөнөт учурунда жасаган кылмыштарын жашырып, кайрадан бийликке келип, бийликти жеке өзүнүн кызыкчылыгында пайдаланууну улантуу үчүн болгонун айгинелеп жатат. Атамбаев кылмыштуу аракеттерге барууга бир нече себептер жол берген:

– Атамбаев бийликти бөлүшкүсү келбей, аны өз колуна топтоого жана өлкөнүн саясий аренасын толугу менен контролго алууга жетишкендиги;

– бийликке каршы оппозицияны толугу менен жок кылып, өзүнүн жеке бийлигин орноткондугу;

– бийликке өзүнүн жакын адамдарын – секретаршасын, шопурларын, жансакчыларын, жардамчыларын, кеңешчилерин алып келгендиги. Атамбаевдин жакын адамдары бийликте өзгөчө кастага айланып, өзүм билемдик менен коррупциялык аракеттерге барышып, миллиондогон долларларды өз чөнтөктөрүнө кымырып алып тургандыгы»

– чөнтөк парламентти түзгөндүгү. Парламенттик шайлоолорго түздөн-түз жеке кийлигишип, КСДПнын эле эмес, «Кыргызстан», «Бирбол», «Өнүгүү-Прогресс» партияларынын тизмесин түзүүнү жеке контролуна алып, парламентке клон партияларды алып келиши.

– Табылды мырза эми акыркы окуяларга да токтоло кетели. Р. Матраимовдордун үй бүлөөсү «Азаттык», «Кlоор.kgнын», «24. кд» ЖМКларын сотко беришип, алардын банктык эсептерин да жаптырып салышты. Бирок, бул «Азаттык» радиосунун жетекчиси Флайдын жана АКШ департаментинин кыргыз бийлигине кайрылуусуна кабылды. Ошол эле учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөсүнө басым жасаган билдирүүсүн таратты. Бул процесстерди кандай жоромолдой аласыз?

— «Азаттыктын» Раим Матраимовдун жеке өзүнө жана анын үй-бүлөө мүчөлөрүнө, жакын туугандарына карата материалдары өтө чоң талкуу жаратып жатат. Белгилүү болгондой Раим Матраимов жана «Азаттык» радиосунун жетекчиси В. Жуматаева Атамбаевдин бийлиги менен кызматташып келишкен. Раим Матраимов А. Атамбаевдин кадры. Бирок, А. Атамбаев бийликтен кеткенден кийин Р. Матраимов менен кайсы бир маселелер боюнча келише албай, ортодо түшүнбөстүк келип чыккан. Анан бул акырындык менен чоң чырга айланып кетти. Атамбаев өзүнүн премьери С. Исаков аркылуу Р. Матраимовду Бажы кызматынын биринчи орун басарлык кызматынан алдырып салган. Буга улай автоматтык түрдө ошол кезде Атамбаевдин бийлиги менен кызматташып келген «Азаттык» радиосуна Р. Матраимовго каршы кара пиар уюштурууга карт-бланш берилгени көрүнүп турат. Ошого Р. Матраимов кызматтан алынаары менен У. Эгизбаевдин бажыдагы миллиондор жөнүндөгү биринчи репортажы жарык көргөн.

Кийинчирээк Р. Матраимов видеозапись аркылуу Атамбаевге кайрылып, экөөнүн ортосунан эмне үчүн кара мышык өтүп кеткенин, ага кимдер күнөөлүү экендигин ачык айткан билдирүүсү жарыяланган. Ошол билдирүүдө Р. Матраимов эгер бул каралоолор токтотулбаса, ал дагы өзүнүн мүмкүнчүлүгүндө жооп кайтара тургандыгын билдирген. Мына ошентип олтуруп, бул эки адамдын ортосундагы талаш ырбай берген. Атамбаев тарап буга саясий сүр бериш үчүн Матраимовду президент С. Жээнбеков менен байланыштырып согуу тактикасына өттү. «Азаттык» радиосу болсо ар бир репортажында өлкөдөн чыгарылды деген 700 млн долларды Атамбаевдин доорунда болгон окуя дебестен, бүгүн, эми болуп жаткан окуялардай байма-бай берип келди. Чабыш ырбап олтуруп, Р. Матраимовдордун сотко кайрылуусуна алып келди.

«Азаттыктын» жетекчиси Флайдын кайрылуусу биринчи кезекте анын АКШнын мамдепинде анча-мынча байланыштары бар экендигин көрсөтүп жаткандай. Ошого Мамдеп аны колдоп, дароо реакция берип жатат. Бирок, Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги мамдепке туура жооп берди. Себеби, С. Жээнбековдун бийлиги мурдагы президенттер А. Акаев, К. Бакиев же А. Атамбаевдердин убагындай коррупцияга белчесинен батып кеткени жок. Тескерисинче, коррупцияга буга чейин болуп көрбөгөндөй сокку урулуп жатпайбы. АКШнын Мамдепи азыр кандайдыр бир күнөө коё албайт, таасир берүү мүмкүнчүлүгү аз.

– Балким, бул өз ара түшүнбөстүктөрдү ырбатууга кызыкдар тараптар да болгон чыгаар. Мисалы, журналисттердин арасында У. Эгизбаев менен уйгур бизнесмени Саймаитини «Азаттыктын» жетекчиси B. Жуматаеванын кадры С. Каназаров тааныштырган деген сөздөр бар. С. Каназаровдун Р. Отунбаева, Ө. Бабановдор менен байланышын эске алсак, анда бийликке басым жасоо үчүн өтө таасирдүү группа түзүлгөндүгүн болжолдосо болот. Себеби, C. Каназаров өзү В. Жуматаева менен сүйлөшүп алып, өлкөдөгү абалды курчуталы деп чыкпаса керек? Анан капса, ошол кезде А. Атамбаев Ө. Бабанов менен А. Мадумаровду өзүнө кошо албай, аябай аракет кылып, убара тартпады беле. Балким, ушул жерде бир сыр катылып жаткан жокпу?

– «Азаттык» радиосу менен Р. Матрамиовдордун чабышы боюнча ар кандай сөздөр таратылып жүрөт. Бирок, бүгүн тергөө жүрүп жатат да. Тергөө ар бир версияны тыкыр изилдеп, анализдеп чыгыш керек. Бул кептин баары Атамбаев мурда Матраимовду жана анын финансылык мүмкүнчүлүгүн КСДП үчүн колдонуп келген. Бирок, ал С. Исаковго аны кызматтан алдырып алып, өзүнүн партиясын өтө потенциалдуу финансылык колдоочудан айрылтып алганын түшүнгөн. Ошондуктан, «Азаттык» радиосу аркылуу аны саясий оюндан биротоло чыгарып салуу каралган. Бул потенциалдуу финансылык булак өзүнчө же башка бирөөлөр менен биргелешип кетип калбасынын алдын алуу керек болгон. Б. а. Атамбаев түштүктөн КСДПга жеткиликтүү колдоо болбой кала турганына көзү жете баштаган. Балким, Атамбаевди башка күчтөр да тымызын колдоп жатышы мүмкүн.

Тамсилдебей түз айтсак, акыркы мезгилде өлкөдө болуп жаткан бардык саясий процесстерди келээрки парламенттик шайлоолорго карата арт дайындыктар катары бааласа болот. Саясий оюнчулардын баары бирин-бири аңдып, бири-биринин күчтүү же тескерисинче начар жактарын иликтеп, ошол точкаларга сокку уруп жаткан учур. Ошондуктан, ар бир конфликтке шашылбай туура баа берип, анан чечим кабыл алыш керек.

– Жакында «Азаттык» радиосу Бажыдагы коррупциялык схемаларды ачкан документтерди УМКК тапшырды. Бирок, суракка чакырылган радионун кызматкерлери, өлкөгө кайтып келген жок. Демек, Прагадагы жетекчилик алардын суракка келишин каалабай жатабы? Алар бул иштердин заказ экендиги билинип калат деп жатабы?

– Менимче, ал документтерди жакында эле Борбордук Азия өлкөлөрүн кыдырып, Алматыда, Душанбеде жана Бишкекте болуп кеткен «Азаттык» радиосунун редактору, вице-президенти Дейси Синделар ала келди болуш керек. «Азаттык» азыр Р. Матраимовдун чын эле коррупциянын ана башы экендигин далилдөөгө кызыкдар болушу керек. Эгерде Матраимовдун 700 млн доллардын чыгып кетишине байланышы бар экендигин далилдей албай калса, радионун абалы мындан да жаман болуп калышы мүмкүн. «Азаттык» заказ аткарган радио катары таанылып калат.

– Менин оюмча «Азаттыктын» тарыхында Т. Чоротегин менен В. Жуматаеванын жетекчилик доору негизги принциптерден тайган эң пас, уятсыз мезгил катары таанылып калат го. «Азаттыктын» тарыхында бийлик менен соодалашты деген болбосо керек? Алсак, 2010-жылы Кожогелди Култегинге маданият министринин орун басары кызматы сооданын негизинде ыйгарылганы баарыбыздын эсибизде. Б. Досалиеванын кызы ГРСтин орун басары болуп иштээри кечээги чуудан кийин гана билинип жатпайбы. Соода катуу эле болгону көрүнүп турат…

– Шибегени каптын түбүнө ката албайсың дегендей,«Азаттыктын» буга чейинки бардык былыктары четинен чууруп жатат. Бирок, мен ГРСтин орун басарынын маегин толугу менен уктум. Мага анын кыргыз тилинде сүйлөгөнү аябай жакты. Таптак кыргызча сүйлөйт экен. Ишин деле ошондой мыкты билсе керек деген ой кетти.

– Жогоруда бүгүн саясий процесстер, чабыштар, талаштардын баары келээрки парламенттик шайлоолорго байланыштуу жүрүп жатат деп айтпадыңызбы? Акыркы мезгилдерде ММКларда 9% парламенттик босого жөнүндө да чоң талаш болуп келет. Бири аны 3% түшүрүш керек десе, экинчиси 5%, үчүнчүсү 7% түшүрөлү дешет. Учурунда 9% босого өзү кайдан чыккан жана аны мыйзамдаштырууга кимдер кызыкдар болушкан? Саясатчылар буга Атамбаев менен Бабанов кызыкдар болгон деп жүрүшөт.

– Өзүңүзгө белгилүү болгондой 2010-жылы УӨ парламенттик шайлоолордо 5% босого койгон. Анан 6 саясий партия парламентке өтүп кеткен. Бирок, күтүлбөгөн жерден «Ата журт» биринчи чыгып, Атамбаевдин КСДП партиясы 2-орунда калган. Ошондуктан кийинки парламенттик шайлоолордо босого 7% көтөрүлгөн. Ал эми Атамбаев парламентти толук контролго алып, бийликтин контролдук пакетин колго алыш үчүн клон партиялар ойлонуп табылган. Парламентке кирген 5 партиянын үчөө «Кыргызаан», «Бир бол», Өнүгүү-прогресс» КСДПнын клондорунун ролун ойноду. Ошентип Атамбаев өлкөнү толук контролго алып,«өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем», деп каалагандай бийлик жүргүзүп келди.

Бирок, Атамбаевге бул да аздык кылды. Атамбаев мөөнөтү бүтүп, бийликтен кетип жатканда, 9% босогого өтүүнү туура көрдү. Ошол маалда Атамбаев менен Бабановдун ортосунда сүйлөшүү жүргөн. Чын, жалганы белгисиз, айтор Атамбаев Бабановду мураскер катары карап жаткан учурда жаңы план түзүлгөн. Ага ылайык, Бабанов мураскер болуп келет, ал эми кийинки шайлоолордо парламентке үч эле партияны өткөрүүнү туура көрүшкөн. КСДП жана «Республика» партиялары негизги мандаттарга ээ болуп, буларга дагы бир партия кошулгудай кылууну чечишет. Ошентип, босогону 3 партия өтө тургандай кылышып, 9% га көтөрүшөт. Мыйзамдын долбоорунун автору М. Жээнчороев болгон.

– Ошол кезде, Бабанов Атамбаевдин мураскери болот экен деген сөздөр чыкпады беле? Бабановдун аялы менен Раиса Атамбаева жакын достордон деп, экөө «Азия Моллдо» да бирге болушса керек эле? Бабанов Атамбаевдин аялына «Азия Моллдун» 30% бериптир деп жүрүштү эле го?

-Ооба. Ошол кезде көп эле сөздөр тараган. Бирок, бир чындык бар. Атамбаев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан Бабановго 17 млн доллар кредит алып берген да. Бул боюнча да чуу болбоду беле. Бул жардамы үчүн Бабанов «Азия моллду» куруп, анын 30% Атамбаевге берет деген миш-миштер тарап жүрбөдү беле. Бирок, Бабанов өз күчүнө ишенип, Казакстандын бизнесмендери жана президенти Н. Назарбаев менен жакшы ымала таап кеткен. Буга жооп катары Атамбаев ага ачууланып, кылмыш ишин козготуп салган.

– Табылды мырза, эми кечээки коррупцияга каршы жана сөз эркиндигин колдогон митинг жөнүндө сөз кылсак. Коомчулук жакшы колдобогону көрүнүп турат. Эмне себеп болду?

– Ооба. Биринчи митингде адамдын саны алда канча көп болгон. Бул жолу коомчулук жакшы колдогон жок. Себеби, Биринчи митингде Али Токтакуновдун Р. Матраимов өлкөдөн 700 млн доллар чыгарып кетиптир деп чуу салганы баарыбызды чоочутуп койду. Бирок, эксперттик коомчулук анализдеп көрүп, Алинин маалыматтары жалган экенин жарыялады. Ал акчалар Ташкенттеги «Абу Сахи» базарындагы өзбек бизнесмендериники экени билинип калды. Албетте, бул биринчи кезекте Кыргызстанда коомдун өзгөргөнүн көрсөтөт. Эгер мурда «Азаттыктын» айтканын 100% туура экен деп эле, аны ээрчий берсе, бүгүн анын маалыматтарын текшерүүгө алып, чындыгын иргеп, анан жыйынтык чыгарып жатканын көрсөтүп жатат.

— Бирок, «Кlооp.kg» жана «Азаттык» экинчи иликтөөсүндө Раим Матраимовдорго тиешелүү Дубайдагы 12 миллион долларга салынып жаткан жер участоктору жана үй аныкталганын айтып, эмне камабай жатат деп жатышат?

– Ооба. Бул факты да «Кlоор.kgнын» жардамы менен табылган десек болот. 12 миллионду мыйзамсыз баюу беренесине такап камаш керек деп жатышат. Бирок, азыр иликтөө жүрүп жатат. Бүгүн жеке эле Раим эмес, 100догон ЖКнын депутаттары да өз фирмаларын, бизнес структураларын өз декларациясында көрсөтпөй жүрүшкөнү аныкталып жатат.

Кыргызстанда премьер-министр болуп турганда Орусияда бизнестери болгон саясатчылар бар. Булардын да мүлктөрү алардын аялдарына, балдар-кыздарына жазылганы белгилүү. Бирок, алар декларацияларында жазылган бекен? Мына ушундай талдоо жүрүп жатат азыр өлкөдө. Эгер булар да мамлекеттик кызматта кезинде алынган болуп чыкса, анда бул дагы чоң проблеманы жаратпай койбойт.

Ошондуктан мен ойлойм, бизнесмендерди баса калып камоо туура эмес. Бирок, аларды өз бизнесин мыйзамдын негизинде жүргүзүүгө, мажбурлап болсо да, көндүрүү абзел. Бул өңүттөн алганда, Кыргызстанда прецедент болгон. Эсиңиздерде болсо, «Замандаш» партиясынын лидери Өмүракунов салыкты төлөбөй, жашырып жүргөндүгү үчүн мамлекетке 4 миллион доллар төлөп берген эле. Менимче, бул олигархтардын жана депутаттардын баарын дал ошондой негизде мамлекетке келтирилген чыгымды төлөтүп алыш керек. Ошондо мамлекетке да, коомго да пайдасы тиет. Камаганда булар эч нерсе төлөбөй коёт.

Олигархтарды, бизнесмендерди өлкөнүн түрмөсүнө толтуруп алып, эмне утабыз? Андан көрө, буларды төлөтүп алып, мыйзамдуу жол менен баюу жолуна түшүрүп алсак, чоң утуш эмеспи. Ошол эле Раимдин Дубайдагы бизнес борборунда же Бабановдун Пермдеги заводунда кыргыз улан-кыздары да эмгектенсе эмнеси жаман? Бизнесмендер, олигархтар мыйзам жолу менен байып, бизнестерин жүргүзүп жүрө беришсин. Мамлекет ага тоскоол кылбашы абзел, тескерисинче өлкөдө ар бир адам мыкты бизнес жүргүзүшү үчүн шарт түзүп бериши тийиш. Сталин да СССРдин граждандарынын байышына кызыкдар болгон. Адамдын байышы, өлкөнүн байышы менен барабар деп билген. Сталин СССРдин ар бир гражданини ак эмгеги менен байышын туура деп баалаган, мамлекет граждандардын байышынан кынтык издебей, ар бир гражданиндин байышына, бакубат жашашына шарт түзүп, кам көрүш керек деп билген.

Маектешкен Н.Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: