Menu

Мукан Асаналиев, котормочу: “Манасты” англис тилине которолу десем, тыңшаган жан жок”

Бөлүшүү:

Адатта англис тилинин котормочулары жаш улан-кыздар болорун билебиз. Бирок салабаттуу жазуучу, котормочулардын арасында англис тилин жакшы билгендер жана которгондор да бар. КР Жазуучулар союзунун мүчөсү, котормочу Мукан Асаналиев англис жана орус тилдеринен көркөм адабий чыгармаларды которот.

-Мукан агай, Бүбү Мариямдын “Манасын” англис тилине которуу сунушу түшкөн турбайбы, аны англисчеге сиз котордуңуз беле?
-Жок, мен которгон эмесмин. Мага сунуш түшкөн. Адегенде аны бир котормочуга берсе, жакшы болбой калыптыр. Сыноодон кийин мага бир томун которгону беришкен, бирок ал китепте “Манастын” классикалык үлгүсүнө туура келбеген, одоно жерлери бар экенин көрүп, калем акысынын жакшы экенине карабай, баш тартып койгом. Ал эми атадан балага кылым карытып келе жаткан классикалык “Манасты” англис тилине которолу деп мен канча жылдан бери эле сунуштап келе жатам. “Манасты” англис тилине которсок, дүйнөгө дүң болбойт беле. Сунушумду өкмөттө угуп койгон жан жок. Тың балдардан экөө-үчөөнү кошуп берсе, калем акысын сурабай эле, айлык берсе, “Манасты” эки жылдай убакытта которуп бермекмин.
-Кайсы чыгармаларды англис тилине котордуңуз эле?
-Өзүм жакшы көргөн Байрондун ырларын, кыргыз акындарынан Алыкул, Мидин, Байдылдадан баштап, учурдагы акын-жазуучуларга чейинки 78 акын-жазуучунун чыгармасын англис тилине которгом. “Курманжан датка” көркөм фильмин англис тилине котордум. Азербайжан акындарынын чыгармаларын орус тилине котордум. Иван Переверзиндин ырларын орусчадан котордум, китеби даяр турат. Азыркы учурда беш акындын: Сагын Акматбекова, Анатай Өмүрканов, Акбар Рыскулов, Эгемберди Эрматов, Төлөгөн Мамеевдин ар биринин 20дай ырын тандап алып, орус жана англис тилдерине которуп жатам. Бексултан Жакиевдин “Манасын” орусчага которуп жатам.
-Англис тилин качан үйрөндүңүз эле?
-Тээ илгери, 1965-жылы аскерде чалгынчылар отрядына кошулуп калып, англис тилинен котормочулардын курсунан окудум. Киевде чалгынчылар мектебин бүтүрдүм. Атайын терминдерди жаттап, радиоприемниктен радиотолкундарды кармачубуз. Андан кийин бир жарым жыл Египетте биздин мамлекеттик коопсуздук кызматы менен иштештим.
-Анда чалгынчы болгон турбайсызбы?
-Ошондой десе да болот. Армиядан кайтып келгенде мамлекеттик коопсуздук кызматында иштесе болот деген жолдомом болгон. Ал жакта иштейин десем, атам урушуп, жибербей койгон. Заводдо иштедим. Кийин университеттин англис тили факультетин аяктап, жогорку окуу жайларда, медициналык, политехникалык жана Кыз-келиндер институттарында англис тилинен сабак берип жүрдүм.
Ыр жазчу элем, бирок котормочулукка ыктап кетип, өзүмдүн чыгармаларым калып калды. Шотландиялык бир мугалимден кат келиптир, сиздин котормолоруңуз аркылуу кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармалары менен тааныш болуп жатабыз деп. Жалил Садыковдун ырлары болсо керек эле ал котормо.
1996-жылы “Сорос” фондусунун котормочулар конкурсунан Алымкулов, Сыдыкова Бурулкан болуп жеңип алып, Англияга барганбыз. Мен калып, бир жыл жашап, котормочу болуп иштеп келгем. Ал жакта тил үйрөнүү курсунан англисчени кайра башынан окумак белем деп, дароо эле сертификатын алып алып, фирмада котормочу болуп иштеп, өз алдымча да тилди өркүндөттүм. Лондондо парк абдан көп болот экен, эл менен баарлашып, англис тилинен деңгээлимди текшертчүмүн. 76 жаштагы бир полковник менен жакшы тааныш болуп, ага сынатып жүрдүм. 2008-жылы Америкада да сегиз ай жашап келдим. Ал жакта биротоло калып калсам болмок экен деп ойлойм азыр. Бизде котормочулардын эмгегин баалай беришпейт. Котормо адабий бир жанр экенин түшүнүшпөйт окшойт. Кыргыздар адам өлгөндөн кийин гана “аа, бул мындай эмес беле” деп айтып калышат эмеспи.
-Кыргыз тилинен түз англис тилине которсоңуз, жакшы калем акы аласызбы?
-Кайдан! Жарыбаган эле калем акы. Пенсияда бош жата албай, калем акысы аз болсо деле котормо менен алектене берем. Мергенчилик фирмам бар, кардарлар болуп калса жакшы, болбосо иши жылбай тура берет. Кардарлар чыгып калса, Ак-Сай, Арпага чейин, кийик жүргөн жерлерге алып барам. Жумгалда бир кезде окуган мектебиме барып калсам, чет тилдер мугалимдерине мастер-класс көрсөтпөйсүзбү деп калышат. Райондогу англис тили мугалимдерин чогулткула, бир жума сабак өтөйүн деп айттым.
Англис тилиндеги сөздөрдү мен ушу күнгө чейин күнүгө жаттайм. Эне тилиң эч унутулбайт, ал эми чет тилдерин унутуп калышың мүмкүн.
Булак: ПолитКлиника 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: