Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, наркологиялык каттоого 33 562 адам алынган, анын 80 пайызы аракечтер.
Калгандары баңгизатка көз каранды болгондор. Алардын көбү элден жашырынып дарыланат. 2016-жылы аракечтиктен 24 киши каза болгон.
2012-жылдан 2016-жылга чейин аракечтердин саны кыскарган болсо, 2017-жылы көрсөткүч 0,3 пайызга жогорулаган.
Республикалык наркология борборунун уюштуруу-методикалык бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Бакирова аракечтердин 11 пайызы аялдар экенин, эң көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда жашай турганын массалык маалымат каражаттарына маалымдаган.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ