Menu

Өлкөдөгү бир катар айыл аймактары менен айылдардын атын өзгөртүү демилгеси көтөрүлүүдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште айылдар менен айыл аймактарынын аталыштарын мамлекеттик жана маданият ишмерлеринин аты-жөнү менен атоого жол бере турган “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Демилгечилердин бири депутат Мирлан Бакировдун айтымында, айыл аймактары менен айылдарга мамлекеттин түзүлүшүнө жана калыптанышына түздөн-түз катышкан мамлекеттик ишмерлер менен өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон адамдардын гана ысымдары коюлат. «Мындай критерийлер мыйзам долбоорунда камтылды», – дейт ал.

Депутат Элвира Сурабалдиева айылдар менен көчөлөрдүн кримтөбөлдөрдүн атынан атала башташына мүмкүнчүлүк түзүлүп калышына кооптонгонун, ага азыртан эле айрым мисалдар бар экенин билдирди. «Мыйзам долбоорунда андай жаман жосундарга жол бербей турган так жоболор камтылышы зарыл», – деп кошумчалады ал.

Депутат Рыскелди Момбеков айылдардын атын адамдардын ысымына которуу анчалык деле жакшы көрүнүш эмес экенин, айылдардын тарыхый аты ошол бойдон өзгөрүүсүз калуусу керектигин белгиледи. Мындай пикирди депутат Улан Примов дагы колдоду. Ал эми депутат Алмазбек Токторов айрым айылдардын тарыхый атын кайтарып берүү зарылдыгын айтты.

Өкмөт дагы мыйзам долбооруна карата мындай укук ченемдик актылардын кабыл алынышы максатка ылайыксыз дегендей тариздеги корутунду бергени белгилүү болду.

Андан сырткары, жыйында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын Орто-Сай айылы деп, Фрунзе айылын Жыгач-Коргон айылы деп өзгөртүп атоо жөнүндө мыйзам долбоору да каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: