Menu

Зилалиев: «Быйыл “Токтогул” ГЭСинде суу мол топтолгондуктан, коӊшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттой баштадык»

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште 2017/2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча маселе каралып жатат. Жыйынга вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, быйыл кышка даярдык өз деӊгээлинде болду. «Кышка карата даярдык көрүүгө республикалык бюджетте 3 млрд 41 млн 700 миӊ сом каралса, азыр 2 млрд 200 млн сомдон ашуун каражат бөлүнүп берилди. Быйыл “Токтогул” ГЭСинде суу мол топтолгондуктан, коӊшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттой баштадык. Жергиликтүү көмүрдү пайдалануу менен бирге, ушу тапта Казакстандан да көмүр келе баштады», – дейт ал.

Андан сырткары, өлкө аймагында 623 отун базасы ачылганы, электр энергиясына чектөөлөр алынып салынганы, жеке турак жайларды электр кубаты менен жылытууга уруксат берилгени, Бишкек ТЭЦинин очоктору менен буу казандары жаӊыланганы, ошондон улам электр энергиясын пайдалануунун 3 эсе өсүшү болжолдонуп жатканына карабастан, веердик өчүрүүлөр болбой турганы белгилүү болду.

«Акылдуу электр эсептегичтерин» орнотууга өзгөчө көӊүл бурулуп жатканын баса белгилеген вице-премьер-министр маселенин бул жаатында айрым кыйынчылыктар да жок эмес экенин моюнга алды. «Акылдуу эсептегичтердин» маркасы менен программалары ар түркүн болгондуктан, аларды бир тутумга бириктирүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Ошондон улам, электр эсептегичтерди өзүбүздө чыгаруу чараларын колго алганы турабыз», – деп кошумчалады ал.

Кыргыз парламентинде күз-кыш мезгилине карата өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча талкуу жол-жоболору улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: