Menu

Чек ара боюнча сүйлөбөгөн парламент тарасын!

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш анда-санда трибунадан кыйкырып койгону болбосо, кыргыз- казак чегарасындагы абалдын жөнгө салынышына активдүү аракеттерин көрсөткөн жок.

“ЕАЭБдин келишими болбогон нерсе, Казакстандагы мигранттар үйлөрүнө кайта албай отурушат, өлкө ичинде эркин жүрө да албай калышты”,- деген пикирин “Апрель Байрагы” коомдук уюмунун төрагасынын орун басары Тариэль Искаков маалымат жыйынында билдирди.

“Маселе контрабандада болсо, аны менен баары алектенип жатышат. Кыргызстанда мыйзамды баары сакташат. Кайсы бир саясатчыга бул жакпай калды окшойт. Биздин депутаттар эмнеге үн чыгарбай отурушат? Президент кечирим сурады, өкмөт башчы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атат, а депутаттар кол куушуруп отурушат. Алар сөз жүзүндө гана патриоттор”,- деди Искаков.

Ал кыргыз-казак эли бир тууган эл эке­нин, нечен кылымдан бери жанаша жашап келатышканын белгилеп, “Эки өлкө ЕАЭБ­дин курамында, ал тууралуу Назарбаев далай жолу айткан. Кыязы, эч кандай биримдик жок окшойт,- ЕАЭБдин башка өлкөлөрү ушунча убакыттан бери унчугуп коюшкан жок”,- деп жаны ачыды активист.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: