Талас облусунун жетекчиси Дайыр Кенекеев вице-премьер министр кызматына секирик жасагандан бери анын орду бош турат. Учурда облуска ким жетекчи болоору чечиле элек. Чуркагандар көп болгон менен талапка ылайыктуусу жок болуп жатыптыр. Анткени Таласта кырдаал олку-солку болуп тургандыктан, ал жерге элдин тилин таап ынандыра сүйлөй алган, кадыр-барктуу, ишти тартып кете ала турган кадр керек. Азырынча ылайыктуу кадр чыкпай, кимди алып барабыз деген суроонун башы ачылбай, көз кызарткандардын саны арбын. Ак үйдөгү шыбыштарга караганда, Мүлк фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков көрсөтүлүп жатыптыр. Бирок ал майлуу кызматтан кеткиси келбей, моюн толгоп жатканы айтылууда.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ