Бүгүн, 7-сентябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы берген арызынын негизинде “Социал-демократтар” саясый партиясынан КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен Эрмек Тологонович Океновду чыгарды. Бул тууралу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Бул чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 6-7-18-беренелеринин негизинде, ушул жылдын 5-сентябрындагы “Социал-демократтар” саясый партиясынын жазуу түрүндөгү катынын негизинде жана КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо саясый партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ