Президент Алмазбек Атамбаев аймактын социал-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон ишкерлерге, жетекчилерге мамлекеттик сыйлык ыйгаруу буйругун чыгарды. Тизмеде 100дой киши бар. Алардын катарында «Манас» орденинин III деңгээли менен Ош облусунун «Маткерим» фермердик чарбасынын жетекчиси Жусупакмат Атамбаев жана Тоң айылдык кеңешинин төрагасы Талантбек Атамбаев Ардак грамота алат. Андан тышкары, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбековго «Даңк» ордени ыйгарылат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ