Menu

Аламүдүн райондук ИИБнын кызматкерлери дайынсыз жоголгон өспүрүмдү табышты

Бөлүшүү:

2017-жылдын 11-июлунда Аламүдүн райондук милициясына С.К. аттуу айыл тургуну өспүрүм кыз күндүз болжол менен саат 12:00 чамасында үйдөн чыккан боюнча үйгө кайтып келбегенин кабарлап кайрылган. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында дайынсыз жоголуп кеткен кызды акыркы жолу айылдын ичинен кыздын таанышы, 19 жаштагы бала менен көргөндүгү билинген.

Өспүрүм кыздын апасы бир күндөн кийин Ш.А. аттуу жаран кызын уурдап кетти деген арызын берген. Милиция кызматынын ыкчам-иликтөө жана издөө иш-чараларынын жыйынтыгында бир нече суткадан кийин, 15-июлда милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон кыздын орду билинген. Өспүрүмдү таап ата-энесине өткөрүп беришкен. Аталган факт боюнча Аламүдүн РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 132-беренеси (16 жашка толо элек өспүрүм менен жыныстык катнаш жана башка сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда кылмышка шектүү жарандын жашаган жерин аныктоо жана кармоо боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: