Казакстан Каирде жоголуп кеткен жарандарын издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Египет ТИМине нота жөнөттү.
Казакстан ТИМинин маалыматы боюнча, Каирде тил курстарында окуган алты жаранды издөө иштери уланууда. Алар бир батирде жашашкан жана өткөн аптадан бери туугандары менен байланышка чыкпай жатышат.
Жоголгондордун экөө – Канат Берик менен Еламан Жазылхан Египетке 11-июлда учуп кетишкен. Алар Кабулдагы Казакстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн каттоосунан өтүшкөн. Алар 20-июлдан бери байланышка чыгыша элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ