Ленинбак айылында 2017-жылдын 24-июлунда саат 04:00 чамасында Ош-Сары-Таш унаа жолунун болжол менен 5,6-чакырымында Ленинбак айылынын жогору тарабынан агып өткөн «Южный” каналынан суу ашып, Озгур айылында 1 турак-жайдын короосуна жана Жибек-Жолу участкасында турак-жайлардын короолоруна кирген. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган аймака шаардык Жарандык коргоо комиссиясы, КР ӨКМнин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси, Ош шаардык башкармалыгынын ыкчам тобу жана 15 куткаруучу тартылган.
Куткаруучулар кээ бир суу кирген турак-жайлардын короолорун тазалап беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ