Буга чейин эл аралык издөөгө, анын ичинде Интерпол аркылуу да издөөдө жүргөн Райкүл Жапарова Польшада 22-майда кармалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жапарова Райкүл Нуркожоевна Бишкек шаарынын Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан сырттан чечим чыгарылып 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 30-183-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу), 166-беренеси (алдамчылык) менен 221-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган.
Азыркы учурда Башкы прокуратура Райкүл Жапарованы Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин чечүүдө.
Райкүл Жапарова Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты Садыр Жапаровдун эжеси.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ