Menu

Чыры бүтпөгөн чек ара маселеси качан чечилет?

Бөлүшүү:

Ашырбек Бакаев, генерал: – Мамлекет деген, анын ээлеген жери, ошо жергиликтүү элдер жашаган жерлерден куралаарын баарыбыз билебиз. Демек, эл аралык мыйзамдардын жана коңшулаш өлкөлөр менен болгон достук келишимдердин негизинде, жергиликтүү элдин жашоо ыңгайына карап, эл менен кеңешип, сунуштарын угуп, эки өлкөнүн бийлиги биринчи кезекте эле эгемен мамлекет болгондо чечиш керек эле. Эми деле кеч эмес. Бардык мүмкүнчүлүктү жумшап, тез арада чек ара маселелери чечилиши керек. Канчалык бул маселе созула берсе, ошончолук бийликтин аброюна шек кете берет.

Айнуру Алтыбаева, ЖКнын депутаты: – Чек ара маселеси ар бир мамлекет үчүн эң маанилүү маселе. Бул маселе эки өлкөнүн башчыларынын сүйлөшүүсү аркылуу чечилет!
Акаев 15 жыл Кыргыз элин тоноо менен алек болгон, ошондо эле жаңы эгемен мамлекеттин, Кыргыз Республикасынын чек арасы чечилиш керек эле. Ошонун запкысы ушул кезге чейин тийип келе жатат. Буюрса, бул маселе чечилип, элге тынч жашоо келет деп ишенебиз.

Камила Талиева, экс-министр: – Чек ара көйгөйү СССР тарагандан бери эле чечилбей келе жаткан оор маселе бойдон калууда. Бул көйгөйдү эки өлкөнүн гана Президенттери ийри отуруп, түз кеңешип, эки мамлекеттин да кызыкчылыктары сакталгандай таризде, дипломатиялык жол менен гана чечпесе, башка жолу жок. Мына кечээ жакында эле мамлекеттик деңгээлдеги жолугушуу болду. Кеп жолугушууда эмес, ошол маселенин канчалык деңгээлде чечилишинде болуп турат, жыйынтыгы кандай болоор экен, убакыт көрсөтөт. Буга чейин да бир нечен жолу өкмөттөр аралык комиссия тынымсыз жыйындарды өткөрүп, эки өлкөдө далай жолу чогулушуп турушкан, бирок, майнабы чыкпады. Көйгөй курч бойдон калып эле, ортодо эл жапа чегип, адам өмүрүнө коркунуч жаралган учурлар болуп келе жатпайбы. Ошондуктан, биринчи кезекте, элдин коопсуздугу, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн кечиктирилгис иш чаралар да өкмөт тарабынан алдын ала түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп туруу жана алдын алуучу иштер чукул арада чечилип, чек ара статусундагы элге шарт түзүп берүү жагы да көз жаздымда калбоосу керек.

Мамат Айбалаев, экс-губернатор: – Чек араны чечүүнүн бир канча варианты бар. Исфарадан Чоркуга бара жатканда Кара-Бак айылы бар. Азыр ал Достук деп аталат. Тажиктер Исфарадан Чоркуга бара жатканда Достукка кирбей өтүп кете турган көпүрө курушкан. Баткен району менен Исфара районунун ар бир метрин карап чыкса болот. Бул делимитация жана демаркация ишин жүргүзүүгө тажик эли менен толук кандуу жашоого шарт түзөт. Эгер чек араны аныктабасак, чырлар мындан кийин да боло берет.

Марат Иманкулов, генерал: -Баткендеги окуя баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутуп жатат. Өкүнүчтүүсү мындай окуялар маал-маалы менен болуп маселе чечилбей келет. Чек ара делимитация жана демаркация болбогондуктан карапайым баткендиктер жабыркоодо. Мен баткендик туугандарды сабырдуулукка чакырып, чагымчыл күчтөрдүн сөздөрүнө алданып, азгырылбоого үндөйт элем. Кырдаалдын мындай болуп калышына эл күнөөлүү эмес. Күнөө ушунча жылдан бери чечпей келатышкан эки мамлекеттин тиешелүү органдарында, өкмөттөрүндө. Маселени чечсе болот. Эки мамлекеттин ортосунда «Түбөлүк достук келишими» деген тарыхый документ бар, анда баары жазылган. Биздин жетекчилер жогорку деңгээлдеги жолугушууларда ,«бир тууган, дос элбиз» деп кучак жайып сүйлөгөнүбүз менен иш жүзүндө андай болбой жатпайбы. Эки жыл мурда миномёт менен аткан учурлар болду. Эки бир тууган кошуна элде мындай болушу мүмкүн эмес. Маселени чечүүгө эки мамлекеттин башчыларынын саясий эрки гана керек, алар гана чек арага чекит коё алат.

Жибек Аргынтай

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: