Menu

Кыргыз-монгол кызматташтыгынын маселелери талкууланды

Бөлүшүү:

16-февралда Мюнхен коопсуздук конференциясынын талаасында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Монголиянын тышкы иштер министри Дамдин Цогтбаатар менен эки тараптуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер 2020-жылга биргелешкен иш чаралардын календарын, анын ичинде, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштарды талкуулашты. Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу күн тартибин карап чыгышты. Монголиянын Президенти Х.Баттулганын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын (2019-ж. 12-13-июнь, Бишкек ш.) жыйынтыгында жетишилген сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу, ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык Комиссиясынын 3-отурумунун (2019-ж. 30-октябрь Бишкек ш.) жыйынтыктары боюнча пикир алмашышты. Монгол тарабы улуттук авиакомпаниялардын биринин Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор багыты боюнча түз каттам жасоого ниеттенип жаткандыгын маалымдады.

Д.Цогтбаатар КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековду Монголияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: