Menu

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге оңтойсуз суроолор?

Бөлүшүү:

– Жантөрө Жолдошевич, сиздин төбөңүз ар дайым акча жыттанган чырлуу жерлерден көрүнөт. Бирок кандай гана күмөндүү, шектүү иштерден кулагыңыз чыкпасын, бүгүнкү күнгө чейин мыйзам алдында жооп бербей, суудан кургак чыгып келесиз. Эмне колдоочуңуз күчтүүбү же көз боёочу сыйкырыңыз барбы?..

Алсак, Бишкек – Ош жолун куруу боюнча дирекцияны башкарып турганыңызда, миллиондогон каражат желди деген шектенүүлөр айтылды. Сиз дың деген жоксуз. Андан соң Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекцияны жетектедиңиз. Бул жерде дагы 6 миллиард сомдун дайыны чыкпай калды. Сымаптай мөлтүлдөп, бул иштен дагы колго кармалбай салаадан жылмышып аман чыктыңыз. Кудайдын сүйгөн пендесисизби же шайтанды дагы алдаган касиетке ээсизби? Дайым ушинтип эле сүттөн таза, кардан ак болуп тайраңдай берем деп ойлойсузбу? Мына учурда Кытайдан алынган 386 миллион доллардын максатсыз сарпталганы боюнча кыңыр ишке дагы түздөн-түз жоопкер катары сиздин атыңыз аталды. Учурда УКМКга сурак бергени жатасыз. Бул жолу кандай амал колдоносуз? Тутулчу учур келдиби? Акыры ичкен-жегенге жооп берчү күн келет бекен? ТБЕА компаниясынан үлүш алдыңыз беле? Алсаңыз, тергөө органдарына сайрап берип, ичкен-жегениңизди ириң кылган мойнуңуздагы оор жүктөн кутулайын деген максатыңыз барбы? Же документтерде колум жок деп арамзааланып, президенттин коррупцияга каршы күрөшүн тоготпой коёсузбу? Эгер колдонгон амалыңыз ишке ашпай, абактан орун алып калсаңыз биринчи кимди эстейсиз? Кудайдыбы же жегениңиздиби?

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: